Аламүдүн районунда уурулук фактысына шектүү аял кармалды

Аламүдүн РИИБүнө Кара-Жыгач айылынын 34 жаштагы жашоочусу Э.М. арыз менен кайрылып, 20 тонналык контейнерин жана чарба буюмдарын белгисиз бирөөлөр уурдап кеткенин билдирген. Келтирилген материалдык чыгым 110 миң сомду түзгөн.
Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Аламүдүн РИИБдүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, Чүй облусунун жашоочусу А.Т. аттуу жаран кармалган. Териштирүү учурунда шектүүнүн Көк-Жар айылында катталган дагы бир кылмыш ишине тиешеси бар экендиги маалым болгон.
Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *