Аламүдүн районунда 26 килограмм өстүрүлгөн кара куурай аныкталды

2020-жылдын 3-июнь күнү Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнүн баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматкерлерине Ленин айылындагы жер тилкелердин биринде кара-куурай өстүрүлүп жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Алынган маалыматтардын негизинде райондук ИИБдүн ыкчам тергөө тобу көрсөтүлгөн дарекке чыгышып, өстүрүлгөн кара-куурай өсүмдүгүн табышкан. Жалпы 729 түп кара куурай алынып, салмагы 26 килограммды түзгөн.

Бүл окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 273-беренеси (Баңгизат каражаттарын камтыган өсүмдүктөрдү себүү жана өстүрүү) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Учурда зарыл болгон экспертизалар дайындалып, ыкчам тергөө иш амалдары улантылууда.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *