Аламүдүн районунда 4 гектарга жакын жапайы кара куурайлар жок кылынды

Аламүдүн районунун аймагында 2021-жылдын 2-августунан 8-августка чейинки “Кара-куурай” аталышындагы рейд иш-чарасы өткөрлүүдө.

Аламүдүн районунун ИИБдүн кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте жапайы өскөн кара куурайларды жок кылуу жана айыл жашоочуларына түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Район боюнча Гроздь, Мраморное, Лебединовка, Васильевка, Пригородное, Ленинское айыл аймактарында кара куурай өсүмдүктөрүн жок кылуу боюнча 70 ден ашык адамдан турган 7 топ түзүлүп, ага Аламүдүн РИИБдөн 60 дан ашуун кызматкерлер тартылган. Жалпысынан район боюнча 3,7 гектар аймактагы 5190 килограммдай жапайы өскөн кара куурай чабылып жок кылынды. Мындай иш-чара үстүбүздөгү жылдын 8-августуна чейин жүргүзүлөт.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *