Аламүдүн районунда 70 жаштагы аялды карактоого шектүү кармалды

2020-жылдын 18-февраль күнү Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүгүнө телефон чалуу болуп, Аламүдүн айылындагы үйлөрдүн бирине маскачан адам каракчылык жасаганы тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул маалыматтын негизинде Аламүдүн районунун ИИБдүн ыкчам тергөө тобу дароо окуя болгон жерге чыгышып, териштирүү иштерин иштерин жүргүзүү учурунда окуя кандай болгону аныкталган.

70 жаштагы жашоочунун үйүнө бейтааныш маскачан адам кирип, улгайган аялга бычак такап, кокутуп анын акча каражатын жана зер буюмдарын алып окуя болгон жерден из жашырып кеткени маалым болгон. Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 202-беренеси (Каракчылык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Катталган кылмыштын бетин ачуу үчүн тергөө кызматы тарабынан тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берилген.

Аламүдүн районунун ИИБдүн жана Чүй облусунун ИИББнын криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында жогорудагы каракчылыкка шектелип, 37 жаштагы Бишкек шаарынын жашоочусу А.С. аттуу жаран кармалган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, кармалган жаран буга чейин жабырлануучунун үйүн сатып алуучу кардар катары кирип, үйдө улгайган аял баласы менен жашаарын жана баласы көбүнчө жумуштар менен үйүнө турбаганын билген.

Кармалган жаран Бишкек шаарындагы тергөө абагына камакка алынып, учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *