Аламүдүн районунун аймагында милиция кызматкерлери тарабынан 3 тоннадан ашык жапайы өскөн кара куурай жок кылынды

 

2022-жылдын 4-июлунан 10-июлуна чейин Аламүдүн РИИБдин  кызматкерлери, Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы жан ошондой эле жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте жапайы өскөн кара куурайларды жок кылуу максатында «Кара-Курай» аталышындагы иш-чара жүргүзүштү.

Иш-чараланын алкагында бүгүнкү күндө Васильевка жана Гроздь айыл өкмөттөрүнүн аймагында аянты 1,9 гектардан ашык жапайы өсүүчү кара куурай аныкталып,   3 тоннадан ашык кара куурай жок кылынды.

Мындан тышкары, учурда милиция кызматкерлери, иш-чаранын алкагында жергиликтүү тургундарга баңгизат камтыган өсүмдүктөрдү мыйзамсыз өстүрүүгө байланыштуу түшүндүрүү иштери да жүргүзүшүүдө.

Жыл сайын Чүй облусунун милиция кызматкерлери тарабынан жапайы өскөн кара куурайды жок кылуу боюнча иш-чараларды жүргүзүлүп келет. Учурда рейддик иш-чаралар Чүй облусунун бардык аймактарында өткөрүлүүдө.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *