2022-жылдын 14-май күнү Аламүдүн РИИБдин өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлеринин демилгеси менен “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине №2 Ж.Касымбав атындагы мектеп-гимназиянын 6-классынын окуучуларына экскурсия уюштурушту.
Бул иш-чаранын негизги максаты өсүп келе жаткан муунду патриоттуулукка тарбиялап, руханий баалуулуктарды сыйлоого үйрөтүү менен мекендин тарыхын билип, патриоттуулукка үндөөнү багытында уюштурулду.
Бул экскурсиянын жүрүшүндө окуучулар Байтик баатырдын күмбөзүнө да барышып, экскурсиянын аягында окуучулар милиция кызматкерлерине ыраазычылык билдиришти.