Алдамчылык фактысына шектүү кармалды

Токмок шаардык ИИБнө 43-жаштагы Д.Д. аттуу жергиликтүү жашоочу арыз менен кайрылып, чала тааныш аял анын ишенимине кирип, эки жуманын ичинде кайра кайтарып берүү үчүн убада кылып, 10 миң АКШ долларын алып ошол боюнча кайтарып бербей из жашырып жүргөнүн айтып, аталган жаранга мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.

Аталган факты Токмок шаардык ИИБү тарабынан кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 204-беренеси (Алдамчылык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Чүй облусунун ИИББнын жана Токмок шаарынын ИИБдүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында, жогорудагы кылмышка шектелип, Бишкек шаарынын 41 жаштагы тургуну К.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

 

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *