Балдар иштери боюнча инспекциянын  кесиптик күнүнө карата Москва РИИБинде волейбол боюнча турнир болуп өттү

Үстүбүздөгү жылдын 1-июлунда Москва РИИБдин Коомдук коопсуздук кызмтынын балдар иштери боюнча бөлүмүнүн демилгеси менен  Балдар иштери боюнча инспекциянын кесиптик күнүнө карата Чүй облусунун КККнын  Балдар иштери боюнча тескөөчүлөрдүн арасында волейбол боюнча турнир болуп өттү.

Аталган турнирге ИИМдин КККнын Балдар иштери боюнча бөлүмүнүн башчысы, милициянын полковниги Нуржан Адылова, Москва районунун акиминин орун басары Мунара Мамаджанова жана башка коноктор катышышты.

Алгач турнирдин алдында милициянын полковниги Нуржан Адылова, жаш өспүрүмдөр менен тынымсыз иш алып барып келе жаткан кызматкерлердин кесипттик майрамы менен куттуктап, ишти алдыга жылдыруудагы бир катар сунуштарды айтып жана иш чараны өткөрүүдө демөөрчүлүк көрсөткөн “Saferworld” эл аралык уюмуна  жана Бириккен Улуттар Уюмунун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгына ыраазычылыгын билдирди.

Турнирдин катышуучулары сөз кезегинде уюштурулган турнир үчүн ыраазычылыктарын билдиришип  келечек муундун коопсуздугу үчүн талыкпастан иш алып барууну белгилешти.

Турнирдин жыйынтыгы менен биринчиликти Панфилов РИИБдин командасы багындырса, экинчи орунду Жайыл РИИБдин командасы ал эми үчүнчү орунга Москва РИИБдин командасы жетишип, жеңүүчүлөргө диплом, грамота жана баалуу сыйлыктар тапшырылды.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *