Бейбаштыка шектүү жаран кармалды

Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө 25 жаштагы Э.А. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 15-август күнү болжол менен саат 01:30 чамаларында чала тааныш эркек бала аны белгисиз курал менен коркутуп, денесине залал келтирип окуя болгон жерден из жашырып кеткенин билдирген.

Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 266-беренеси (Бейбаштык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Териштирүү иштеринин алкагында шектүү жарандын өздүгү такталып, ал 22 жаштагы С.А. аттуу Чүй облусунун жашоочусу экендиги аныкталып, тергөө кызматына жеткирилген. Зарыл болгон экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иштиери улантылууда.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *