Билим күнүнө арналган салтанаттуу  иш-чараларда коомдук тартипти коргоо үчүн 15 -сентябрда Чүй облусунун 800дөн ашуун милиция кызматкерлери тартылган

 

Бүгүн, 15 -сентябрда, Чүй облусунун милиция кызматкерлери Билим күнүнө арналган салтанаттуу иш-чараларда коомдук тартипти жана коопсуздукту сактоону камсыздашат. Укук тартибин камсыз кылууга 800дөн ашуун милиция кызматкери тартылган. Алардын арасында өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлору, аймактык милиция кызматкерлери, жана  билим берүү мекемелеринин жанында Чүй облусунун ИИББнын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн жана Кайгуул күзөт кызматкерлери нөөмөттө турушат.

Окуу башталышына чейин Жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлору бардык билим берүү уюмдарынын педагогикалык жамааты менен биргеликте билим берүү мекемесине бекитилген ЖӨИ кызматкерлеринин маалыматтарын, байланыша турган телефондорун, ошондой эле юридикалык темалардагы эскертүүлөрдү камтыган укуктук бурчтарда жаңыртылган маалыматты баса белгилейбиз. Чүй облусунун  аймагында 320дан ашык билим берүү мекемелеринде салтанаттуу иш-чаралар  өтүүдө, аларда алдын ала маалыматтар боюнча 199 миңден ашуун окуучу билим алышары белгилүү болду.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *