Бүгүн, 10-ноябрь күнү Чүй облусунун ИИББнын борбордук аппаратында милициянын аймактык тескөөчүлөрүнүн кесиптик майрамы белгиленип, жана ошондой эле Чүй облусунун ИИББын музейинин салтанатуу ачылышы болуп өттү.

 

Иш-чарага Чүй облусунун ИИОнун жетекчилиги, ардагерлер жана өздүк курам катышышты. Жолугушуу учурунда кызмат учурунда курман болгон кызматкерлерди экерүү үчүн бир мүнөттүк тыныгуу жарыяланып, эстеликке гул коюлду.

Музейдин ачылышына Чүй облусунун ардагерлери активдүү катышышып, зарыл материалдарды чогултууда чоң эмгектерди жасашкан. Чүй облусунун ИИОнун кызматкерлери тарабынан мурда колдонулган техникалар, тархый документтер, сыйлыктар, фото жана башка материалдар менен жаңы ачылган музей толукталган. Музейди ачуу демилгеси Чүй ОИИББнын мурдагы начальниги милициянын генерал-майору Курманкулов Самат Ажыгулович тарабынан көтөрүлүп, аны оңдоп түзөө иштеринин башында турган.

Иш-чарада Чүй ОИИББнын башчысы милициянын полковниги Асаналиев Сапарбек Тилекович сөз сүйлөп, бүгүнкү кесип ээлери аймактык тескөөчүлөрүн куттуктап, каалоо тилектерин билдирди. Андан сырткары бүгүн дагы өзгөчо иш-чарага токтолуп, Чүй облусунун ИИОнун музейи ар дайым милиция кызматкерлерине тиешелүү экспонаттар менен толукталып, ар дайым буга чейинки кызматкерлердин эмгектери бааланып тураарын кошумчалады.

Иш-чарада бүгүнкү кесип ээлерине сыйлыктар тапшырылды.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *