Алдамчылыкка шектелип 56 жаштагы аял кармалды

Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө жергиликтүү жашоочу Д.А. арыз менен кайрылып, 2017-жылы чала тааныш аял анын ишенимине кирип, Сокулук районунун Новопавловка айылындагы айыл-чарба багытындагы жерди курулуш иштерине деп 3,5 миң АКШ долларына сатып ошол боюнча из жашырып кеткенин билдирген. Бул окуя боюнча Сокулук районунун ИИБнүн тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында бул кылмышка шектелип Бишкек шаарынын 56 жаштагы жашоочусу Мамбеталиева Салтанат Токтосуновна кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Кылмышка шектүү жарандын үсүнөн дагы 30 га жакын арыздар жарандар тарабынан келип түшкөн.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *