Москва райондук ички иштер бөлүмүнө Б.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арызында 2022-жылдын август айында Москва районуна аймагындагы Кара-Суу жайлоосунан белгисиз адамдар үч баш жылкысын уурдап кетишкенин билдирген.
Аталган окуя боюнча Москва РИИБдин тергөө кызматында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинде (Уурулук) көрсөтүлгөн кылмыш курамы менен кылмыш иши козголгон.
Чүй ОИИББнын Кылмыш иликтөө башкармалыгынын жана Москва РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында, бул кылмышка шектүү болуп 1977-жылы туулган Ж.А. жана 1995-жылы туулган А.Ж. аттуу жарандар кармалып убактылуу кармоо жайына киргизилип, учурда тергөө иштери уланууда.
Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы.