Жайыл районунда алдамчылыкка шектүү аял кармалды

2022-жылдын 21-февралында Жайыл РИИБүнө 1973-жылы туулган С.Г. аттуу аял арыз менен кайрылган. Анда чала тааныш аял анын ишенимине кирип, Кара-Балта шаарындагы базарлардын биринен алдоо жолу менен эки баш бодо малын 142 миң сомго баалап алган.  Ошондон тарта бүгүнкү күнгө чейин акчасын же малын кайтарып бербей качып жүргөнүн билдирген.

Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Жайыл РИИБдүн коомдук коопсуздук кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 1975-жылы туулган Ж.К. аттуу аял кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Териштирүү учурунда кармалган аялдын Жайыл районунун аймагында дагы ушул сыяктуу үч кылмыш фактысына тиешеси бар экендиги такталган.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *