Жайыл районунда алдамчылыкка шектүү кармалды

Жайыл РИИБүнө жергиликтүү жашоочу 1985-жылы туулган Д.А. аттуу аял арыз менен кайрылып, 2021-жылдын июль айында У.А. аттуу жаран андан 110 миң сом акча карызга алып, ушул күнгө чейин кайтарып бербей жүргөнүн билдирген.
Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча катталып, териштирүү иштери башталган.
Чүй облусунун ИИББнын жана Жайыл РИИБдүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 1975-жылы туулган У.А. аттуу жаран кармалып, Жайыл РИИБдүн тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Териштирүү учурунда шектүү жаран ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары тураары аныкталган.
Тергөө иштери улантылууда.


Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *