Жайыл районунда бир нече адам мушташып бир жаран каза болуп, экинчиси ооруканага жакырылды

2022-жылдын 25-январь күнү болжол менен саат 06:00 чамасында Жайыл РИИБүнө бир нече адамдын ортосунда мушташ чыгып, алардын ичинен бирөө бычактан алган жаракатынан улам каза болгондугу тууралуу маалымат түшкөн.
Бул факты Жайыл районунун ИИБнө катталып, окуя болгон жерге РИИБдүн ыкчам тергөө тобу чыгышкан. Териштирүү учурунда 25-январь күнү таңкы саат 06:00 чамасында Кара-Балта шаарынын көчөлөрүнүн биринде жайгашкан коомдук тамактануу жайдын кызматкерлери менен кадарлардын ортосунда пикир келишпестик чыгып, ал мушташка айланганы белгилүү болгон. Окуянын катышуучуларынын бири бычактан алган жаракатынан улам каза болуп, дагы бир А.Р. аттуу жаран бычактан алган жаракаты менен ооруканага жеткирилген.
Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн териштирүү учурунда окуянын катышуучулары аныкталып, РИИБдүн имаратына жеткирилишкен.
Бул факты боюнча зарыл болгон экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.

Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *