2022-жылдын 2-майында Жайыл РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө, аймактык ооруканадан бычактан жаракат алган жаран түшкөндүгү тууралуу билдирүү келип түшкөн. Алынган маалымат боюнча, ыкчам тергөө тобу дароо барып, ал адамдын өздүгүн тактап 1994-жылы туулган Ш.Д. экени аныкталган.
Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин (Ден соолукка оор залал келтирүү) негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.
Чүй ОИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн жана Жайыл РИИБнин кызматкерлери тарабынан көрүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 2001-жылы туулган П.Г. кармалып, Жайыл районунун ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилген
Тергөөнүн алдын ала версиясы боюнча, кылмышка эркектердин ортосундагы чыр-чатак себеп болгон.
Учурда бардык зарыл болгон ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.