Жайыл районунда денеге оор залал келтирүү фактысы менен шериктеши кармалды

2017-жылдын 30-декабрь күнү Жайыл РИИБнин нөөмөт бөлүмүнө жергиликтүү бейтапканага европа улутундагы эркек киши ар кандай жаракаттары менен жеткирилгени тууралуу билдирүү түшкөн.
Аталган маалымат боюнча Жайыл РИИБнин ыкчам-тергөө тобу чыгып, жабырлануучунун өздүгү аныкталып, 53 жаштагы Кара-Балта шаарынын К.В. аттуу тургуну болгон.
Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иштердин негизинде, жабырлануучу 30-декабрь күнү өзүнүн таанышы менен спирт ичимдигин ичип отурушуп, өз-ара урушуунун кесепетинен шериктеши сабап койгону белгилүү болгон.
Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 104-беренеси (Денеге атайлап оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголгон.
Жайыл РИИБнин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-аракеттеринин натыйжасында, 41 жаштагы С.В. аттуу жергиликтүү тургун кармалып, камакка алынган. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *