Жайыл районунда жол кырсыктарын алдын алууга багытталган иш-чаралар жүргүзүлдү

Үстүбүздөгү жылдын 16-ноябрь күнү Жайыл районунун ИИБдүн аймактык тескөөчүлөрү, жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлору, Жайыл району жана Чүй облусу боюнча ЖКККБнын кызматкерлери менен биргеликте Кара-Балта-Бишкек каттамдары боюнча жүргүнчү ташыган айдоочулар менен андын сырткары, Ош-Бишкек жолундагы Сосновка айылындагы тосмодон жана Суусамыр өрөөнүндө айдоочулар менен жолугушуп, транспорт кырсыктарын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Автоунаалардын дөңгөлөктөрүн мезгилге жараша алмаштырып, ылдамдык эрежелерин сактоо кырсыктарды алдын алууга өбөлгө болоору эскертилди.
Милиция кызматкерлери жергиликтүү жашоочулар менен болгон жолугушууларда, малдарды жол жээктерине кароосуз калтыруу да жол кырсыктарына себепкер болоорун айтышып, мал уурулуктарын алдын алуу боюнча да түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *