Жайыл районунда кабел ууроого шектүү кармалды

2021-жылдын 29-январь күнү болжол менен саат 02:00 чамаларында Жайыл районунун ички иштер бөлүмүнө Кара-Балта шаарындагы көчөлөрдүн биринде уурулук фактысы болгону тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул маалыматтын негизинде дароо Жайыл РИИБдүн ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге чыгышкан. Териштирүү учурунда белгисиз бирөө телефон компаниялардын биринин имаратынан кабелин уурдап кеткени маалым болгон. Келтирилген материалдык чыгым 110 миң сомду түзгөн.

Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында 2021-жылдын 15-январь күнү ушул сыяктуу дагы бир факты болгону аныкталган. Анда баасы 100 миң сомдон жогору кабел уурдалганы аныкталган.

Жайыл районунун ИИБдүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 27 жаштагы А.М. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Учурда шектүүнүн дагы башка кылмыш иштерине тиешеси бар же жок экенигин териштирүү иштери жүргүзулүүдө.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *