Жайыл районунда киши өлтүрүүгө шектүү кармалды

2020-жылдын 18-декабрь күнү Жайыл районунун ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүгүнө телефон чалуу болуп, Жайыл районундагы Ак-Башат айылындагы имараттардын биринин жанында эркек кишилердин ортосунда ызы-чуу болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн. Анын негизинде окуя болгон жерге Жайыл РИИБдүн ыкчам тергөө тобу чыгышкан. Милиция кызматкерлери ал жерди кароо учурунда саркынды суу өткөн түтүктүн жанынан эркек кишинин жансыз денеси табылган. Кароо учурунда анын денесинде жаракаттар аныкталган. Бул окуя кылмыштардын жана жоруктарждын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 130-беренеси (Киши өлтүрүү) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Териштирүү учурунда каза болгон жарандын өздүгү такталып, ал 41 жаштагы Д.Ф. аттуу жаран экендиги маалым болгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында бул кылмышка шектелип, милиция кызматкерлери тарабынан 42 жаштагы М.С. аттуу жаран кармалып, Жайыл РИИБдүн убактылуу кармоочу жайына камакка алынып, зарыл болгон баардык экспертизалар дайындалган.

Алдын ала маалыматтар боюнча кылмышка шектүү жана каза болгон жаран чогу ичимдик ичишип отурушуп, ортодо пикир келишпестиктен улам уруша кетишип, жыйынтыгында Д.Ф. окуя болгон жерден каза болгон. Кылмышты жашыруу максатында шектүү жаран анын денесин саркынды өткөн түтүктүн алдына таштап, из жашырып кеткен.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

 

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *