Жайыл районунда милиция кызматкерлери кооптуу жерлерде сууга түшпөө боюнча алдын алуу иштерин жүргүзүштү

Жайыл РИИБдин Коомдук коопсуздук кызматы жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте сууга түшүүдөгү кырсыктардын алдын алуу максатында профилактикалык иштерди жүргүзүштү.

Бул алдын алуу иш-чарасында кызматкерлер райондун аймагындагы  көлмөлөрдө, суу сактагычтарда ошондой эле сууга түшүүгө коопту деп эсептелген жерлерде атайын белгилерди орнотуп аны менен катар түшүндүрүү иштери жүргүзүштү. Атайын белгилер орнотулганына карабастан сууга түшүп жаткан өспүрүмдөргө  кырсыктын кесепеттери эскертилип, мындай жайларда жүргөн жаш өспүрүмдөрдү көзөмөлдөө боюнча  ата-энелерине да эскертүүлөр берилди.

Жайыл РИИБдин кызматкерлери жарандарга суудагы кырсыктарды болтурбоо үчүн атайын куткаруучу кызматтары бар жайларга баруу зарылдыгын белгилешти.  Ошондой эле мас абалында сууга түшпөөгө чакырып жана балдарды  кароосуз калтырбоо сунуштары айтылды.

Чүй облусунун аймагындагы сууга түшүүдөгү кырсыктардын алдын алуу максатында милиция кызматкерлери тарабынан түшүндүрүү иш-чаралары жайкы аптапта үзгүлтүксүз өткөрүлүп турмакчы.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *