Жайыл районунда уурулукка шектүү төрт жаран кармалышты

2020-жылдын сентябрь айында Жайыл районунун ички иштер бөлүмүнө 68 жаштагы Ж.Т. аттуу жергиликтүү  жашоочу арыз менен кайрылып, белгисиз бирөөлөр анын короосуна киришип, курулуш  материалдарын уурдап кетишкенин билдирген. Келтирилген материалдык чыгым 94 миң сомду түзгөн.

Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында, арыздануучунун үйүнө 2020-жылдын 10-августунан 31-августка чейинки убакыт аралыгында белгисиз бирөөлөр төрт ирээт киришип, курулуш материалдарын уурдап кеткени аныкталган. Үй ээси сентябрь айында гана көрүп дароо арыз менен милицияга кайрылган.

Жайыл районунун ИИБдүн кызматкерлери тарабынан жогорудагы кылмышка шектелишип, үстүбуздөгү жылдын январь айында 20 жаштагы А.Э, Р.А. жана 21 жаштагы С.И., М.С. аттуу балдар кармалышкан.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *