Жайыл районунда шайлоо учурунда мыйзам бузууларга жол бербөө боюнча алдын алуу иштери жүргүзүлдү

 

Алдыда өтө турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо учурунда коомдук коопсуздукту сактоо жана ар кандай терс көрүнүштөргө жол бербөө максатында Жайыл РИИБдүн, Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын жана Кара-Балта шаарынын мэриясынын жетекчилери ошондой эле айыл аймактардын башчылары жер-жерлерде жергиликтүү жашоочулар менен жолгушууларды уюштурушту.

Ар бир жолугушууда алдыда өтө турган шайлоо учурунда мыйзам бузууларга жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Мындай жолугушуулар Жайыл районунун 12 айыл аймагында жана Кара-Балта шаарында болуп өттү.

 

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *