Жайыл районунда эки кишиге бычак сайды деген шек менен 43 жаштагы аял кармалды

2019-жылдын 26-август күнү Жайыл районунун ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүгүнө телефон чалуу болуп, аймактык ооруканага бычактан алган жаракатынан улам эркек киши жаткырылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Бул маалыматтын негизинде Жайыл районунун ИИБнүн ыкчам тергөө тобу окуя болгон дарекке чыгышып, териштирүү иштерин жүргүзүшкөн. Жабырлануучунун өздүгү такталып, ал 25 жаштагы С.В. экендиги аныкталып, бычактан жаракат алганы маалым болгон.

Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жайыл районунун ИИБнүн тергөө кызматы тарабынан сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Жайыл районунун ИИБнун кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 43 жаштагы В.Е. кармалган.

Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында төмөндөгүлөр аныкталган. Жабырлануучу С.В. Жайыл районундагы мал баккан сарайлардын биринде 2001-жылы туулган Ш.М. аттуу келин менен жашаган. Ошол эле сарайда дагы бир үй-бүлө жашап келишкени маалым болгон. Окуя болгон күнү эки үй-бүлө спирт ичимдигин ичип отурушуп, ортодо чыккан кызганычтан улам В.Е. өзүнүн жолдошу Д.Д.га кийин 25 жаштагы С.В.га бычак сайып жибергени маалым болгон.

Тергөө кызматы тарабынан зарыл болгон экспертизалар дайындалып, кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *