Жайыл районунда “Үй-бүлөлүк зомбулук” жана “Мектеп рэкетчилиги” аталышындагы алдын алуу иштери жүргүзүлдү

Жайыл РИИБү тарабынан “Кыргыз Республикасында балдардын ден соолугуна, дене бой, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу боюнча чаралар жөнүндө” мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндөгү кодексинин талаптарын ишке ашыруу максатында иш-чара уюштурулду. Анда Жайыл РИИБдүн кызматкерлери, социалдык өнүктүрүү кызматы жана билим берүү бөлүмү менен биргеликте район аймагындагы билим берүүчү мекемелерде өспүрүмдөргө жана алардын ата-энелеринин катышуусунда лекциялар окулду.

Иш-чарада жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлору тарабынан үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктардын түрлөрү жана жаштардын укуктары ошондой эле милдеттери айтылды. Андан сырткары кандайдыр бир өспүрүмдөргө карта мыйзамсыз аракеттер болуп калса дароо ал боюнча ИИОнун кызматкерлерине билдирүү зарылдыгы белгиленди.

Милиция кызматкерлери тарабынан окуучуларга мектеп рэкетчилигине жана массалык мушташтарга жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле өспүрүмдөр арасындагы жол кырсыктарын болтурбоо максатында  жол эрежелерин сактоо боюнча алдын алуу иштери жүргүзүлдү.

Иш-чарада окуучулардын ата-энелери  менен да жолгушуулар болуп, аларга балдарга ар дайым көзөмөл жүргүзүп, түнкүсүн алардын көчөлөрдө жүрүүсүнө жол бербөө боюнча кеңештер берилди.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *