Жайыл районунун аймагында жугуштуу илдетти алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө

Коронавирус (COVID-19) инфекциясынын жайылышын алдын алуу үчүн өлкөбүздө,  анын ичинде Чүй облусунда да ички иштер органдары тарабынан түшүндүрүү иштери тынымсыз жүргүзүлүүдө. Милиция кызматкерлери жер-жерлерде тиешелүү иш-чараларды жүргүзүшүүдө. Чүй облусунун бардык райондорунда алдын алуу иштери күн сайын улантылууда. Жайыл районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жашоочуларга, коомдук жайларда тазалык эрежелерин сактоо жана жеке гигиенеларга көңүл буруу зарыл экендигин эскертишүүдө. Милиция кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен базарларда, соода сатык түйүндөрдө, коомдук тамактануучу жайларда жана башка техникалык тейлөө жайларында түшүндүрүү иштери жүргүзүшүп, өзгөчө кырдаал режиминин талаптарын так аткаруу зарылдыгын айтышууда. Коомдук жайларда талаптарга кайдыгер мамиле жасаган жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ар бир жарандын учурдагы кырдаалга жоопкерчилик менен жасаган мамилеси илдетти алдын алууга чоң салым болоору эскертилди.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *