Жайыл районунун ИИБде, Республикалык “Милицинын жаш достору” кароо сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

2019-жылдын 6-май күнү Жайыл районунун ички иштер бөлүмүнө Кара-Балта шаарынын №9 орто мектебинин окуучулары “Милициянын жаш достору” кароо сынагынын 2019-жылдын жеңүүчүлөрү “Шопоковцы” командасы жана аталган мектеп директору жана директордун орун басары чакырылып, салтанаттуу куттуктоо иш-чарасы болду.

Жайыл районунун ИИБнүн башчысы милициянын подполковниги Тилек Омуралиев конкурстун катышуучуларына жана мектеп директоруна “Ардак грамота” жана башка белектерди ташырып, “Милициянын жаш достору” кароо сынактан сырткары Жайыл районундагы коомдук коопсуздукту сактоодо кылмыштуулукту жана башка тартип бузуулардын алдын алууда да бул окуучулар өздөрүн үлгү катары көргөзүп келгенин кошумчалап, мындай ийгиликтерди жаратууда мектеп мугалимдеринин, директорунун да салымы арбын болгонун кошумчалады. Мектеп директору да сөз сүйлөп, мындай ийгилик биргелешип иш алып баруунун жыйынтыгы менен келгенин кошумчалап, “Милициянын жаш достору” командасынын ар бир мүчөсү жүрүм-турум, окуу жагынан да үлгүлүү окуучулар экенин кошумчалап, мындай жетишкендиктер дайыма кайталанып туруусу үчүн биргеликте дайыма кызматташаарын кошумчалады. Белгилей кетсек, 2019-жылдын 30-апрель күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Борбордук аппаратында “Милициянын жаш достору” кароо-сынагы өтүп, ага республиканын 9 мектебинен келген 90 ашык окуучу катышкан. Ар бир сынакта алган баллдарын жыйынтыгы менен, “Милициянын жаш достору” короо сынагында Чүй облусунун Д. Шопоков атындагы №9 орто мектептин “Шопоковцы” командасы эң мыкты деп табылган.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *