Жайыл районунун ИИБнүн кызматкерлери тарабынан көп убакыттан бери издөөдө жүргөн жаран кармалды

2010-жылы Жайыл районунун ички иштер бөлүмү тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 167-беренеси (Тоноо) боюнча кылмыш иши козголуп, 1986-жылы туулган М.З. ал ишке айыпталып, иш Жайыл райондук сотко өткөрүлүп берилген.

Жайыл райондук соту тарабынан бир нече ирээт сот отуруму дайындалып, бирок белгисиз себептерден улам айыпталуучу сот отурумуна келбей койгон. Прокуратура тарабынан Жайыл райондук сотуна айыпталуучу М.З. сот отурумуна келбей жатканын билдирип, анын баш коргоо чарасын өзгөртүп камакка алуу тууралуу өтүнүч келтирген. Жайыл райондук соту тарабынан сот өндүрүшүн токтотуп, кылмыш ишин Жайыл районунун ИИБнө жөнөтүп, айыпталуучуга издөө жарыялоо тууралуу токтом чыгарылган. Жогорудагы токтомдун негизинде Жайыл районунун ИИБү тарабынан М.З. га издөө жарыяланган. Жайыл районунун ИИБнүн криминалдык милиция кызматы тарабынан ыкчам маалыматтардын негизинде издөөдө жүргөн 1986-жылы туулган М.З.нын жүргөн жери такталып, ал Ош облусунун Алай районунан кармалып, Жайыл районунун ИИБнүн убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүүдө.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *