Жайыл РИИБдин жетекчилиги бир катар айылдардын тургундары менен жолугушууларды өткөрдү

2022-жылдын 26-27-апрелдеринде  Жайыл районунун ички иштер бөлүмүнүн жетекчилиги Красновосток, Степной, Жайыл жана Ак-Башат айылдарынын тургундары менен жолугушууларды өткөрдү.  Жайыл РИИБдин башчысы, милициянын полковниги Чыңгыз Керимкулов, Жайыл райондук акимчиликтин өкүлдөрү менен биргеликте, аталган айылдардын айыл өкмөт башчылары, аймактык комиссиянын өкүлдөрү, ошондой жергиликтүү айыл тургундары менен жолугушушту.

Бул жолугушууда Ч.Керимкулов милиция кызматкерлери тарабынан коомдук тартипти камсыздоо боюнча аткарылган иштерди, жер-жерлерде кылмыштуулуктун жана укук бузуулардын алдын алуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар боюнча маалыматтарды берип, өлкө башчысынын “Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгы боюнча да түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Ошол эле учурда милициянын аймактык тескөөчүлөрү тарабынан профилактикалык, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, маалымат баракчалары таратылды. Өз кезегинде жөө жүргүнчүлөрдүн катышуусундагы жол кырсыктарын болтурбоо максатында жарандарга, жашы жете электерге да профилактикалык түшүндүрүү иши менен коштолу. Мындан тышкары бул жолугушууларда көптөгөн социалдык жана башка маселелер көтөрүлүп, алар өз кезегинде Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчилиги жана район акимчилигинин өкүлдөрү тарабынан көзөмөлгө алынып, аларды чечүү боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.

Бул өңдүү эл менен болгон жолугушуулар, жана кылмыштуулуктун  алдын алуу максатындагы түшүндүрүү иштери Чүй облусунун бардык аймагында өткөрүлүүдө.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *