Жайыл РИИБнын көчмө кабыл алуу пункттары алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин улантууда

2022-жылдын башынан бери Чүй облусунун Ички иштер органдары тарабынан милициянын көчмө кабылдама пункттары жергиликтүү тургундар менен алдын алуу жана түшүндүрүү иш-чараларын байма-бай улантылып келет.

Алсак, Жайыл РИИБнын кызматкерлери жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте милициянын көчмө кабылдамасынын графигине ылайык Жайыл районунун бардык айылдарында профилактикалык, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. 2022-жылдын башынан бери Жайыл районунун ички иштер бөлүмүнүн көчмө кабылдамасы тарабынан жергиликтүү тургундар менен 100дөн ашык профилактикалык жана түшүндүрүү иш-чаралары өткөрүлуп,  150дөн ашык эскертүүлөр берилип, 5тен ашык жаранга жеринде юридикалык кеп-кеңештер берилген. Бүгүнкү күндө Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө 24төн ашык кызматкер милициянын көчмө кабыл алуу пункттарына тартылып, белгиленген график боюнча иш алып барышууда.

Милициянын бул көчмө кабыл алуу пункттарынын негизги максаты – жергиликтүү тургундардын көйгөйлөрүн жеринде чечүү болгондуктан, мындан ары да жарандардын арыз-даттанууларына, кайрылууларына ыкчам чара көрүү максатында Чүй облусунун бардык аймагында тынымсыз иш алып барышмакчы.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *