ИИМ: Бишкек шаарындагы ички иштер органдарынын бөлүктөрүнүн гарнизондук саптык кароосу өттү

 

2022-жылдын 27-декабрында эски аянтта коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоого тартылган ички иштер органдарынын гарнизондук саптык кароосу өттү. Ага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков, министрдин орун басарлары, ИИМдин кызматтарынын, башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын жетекчилери, ички иштер органдарынын ардагерлери, коомчулуктун өкүлдөрү катышты.

Аянтта ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын, күзөт кызматынын, милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын, Бишкек шаарынын жана Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын бөлүктөрүнүн кызматкерлери, Ички аскерлердин аскер кызматчылары, Академиянын курсанттары саптык кароого тизилишти. Өздүк курамга жана техникаларга кароо жүргүзүлдү.

Милиция кызматкерлеринин алдында сөз сүйлөгөн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров эң алгач баарыңыздарды келе жаткан Жаңы жылыбыз менен Куралдуу күчтөрдүн Башкы колбашчысы Президентибиз Жапаров Садыр Нургожоевичтин атынан, Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнүн жана жеке өзүмдүн атымдан чын жүрөгүмдөн куттуктайм! Баарыңыздарга бекем ден-соолук, кажыбас кайрат, ары татаал, ары жоопкерчиликтүү ишиңиздерге ийгиликтерди каалайм,-деди.

Андан ары сөзүн уланткан Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров: “Бүгүнкү гарнизондук бөлүштүрүүнүн максаты – Жаңы жылды тосууда жана эс алуу күндөрүндө коомдук тартипти сактап, жол эрежелерин камсыздап, жалпы журтубузга коопсуздукту камсыз кылуу.

Сиздердин иш күнүңүздөр 8 саатка эмес, 18 саатка жана 365 күнгө созулуп, жеке жашоодон кызматтык милдеттерди бийик коюп, мекенибиз үчүн, элибиздин тынчтыгы үчүн иштеп жатасыздар, бул талашсыз чындык. Ушул күндөрү республика боюнча 12 миңден ашык кызматкер “күчөтүлгөн тартипте” кызмат өтөйт. Бирок, дал ушундай тартипте иштеп, өлкөбүзгө ак эмгекти арноо – бул баарыбыздын ыйык парзыбыз! Милициянын тарыхында: “Бир да кылмыш ачылбай калбасын”, “Коомдук тартипти сактоодо күчүбүздү, керек болсо жаныбызды аябайбыз” деген ички көөдөндөн жаралган принциптериңер бар, аларды бекем карманып келесиздер. Мындай ураандар ар бир кызматкерге өз кесибин сүйүүгө, жан дили менен берилип кызмат өтөөгө дем берип келет.

Албетте, буйрук – сиздер үчүн мыйзамга тете акт.

Ички иштер министрлигинин кызматкерлери быйыл өтө жакшы иштеди: Республикада кылмыштуулуктун саны кескин түрдө кыскарды, кылмыштын бетин ачуу жогорулады, арыз-даттанууларды жеринде кароо ишмердиги жакшырды. Бул сиздердин биргелешип иш алып барган таза мээнетиңиздер жана өз милдетиңиздерди так аткарганыңарды далилдейт.

Мекендин бүтүндүгүн сактоодо Баткенде чек ара жоокерлери менен биргеликте зор эрдиктерди көрсөттүңүздөр. Учурдан пайдаланып, Сиздерди кайсы жерде болсо да ушундай тартипке чакырган, үйрөткөн, тарбиялаган ардагерлерге, жетекчилерге жана өзүңөрдүн жүрөгүңөрдөгү чакырыктарга, бири-бириңер үчүн тикеңерден тик туруп шериктештикти билдирген бекем ынтымагыңарга, темирдей тартибиңер үчүн рахмат айтам.

“Мекенди сүйүү, Мекенге кызмат кылуу – милициядан башталат” деген ураанды ар кандай кырдаалда – күжүрмөн даярдыкта болуу принцибинде жана милдетке дайым даяр болуу кыраакылыгында көрсөттүңүздөр. Муну ар бир кызматкердин инсандык ички өнүгүүсү деп баалайм. Мындан ары да эрдиктин жана каармандыктын үлгүсүн көрсөтө бересиздер деп ишенем.

Урматтуу тартип сакчылары!

Сиздерге 5 багыттагы тапшырма коюлат:

Биринчиси: Жаңы жылдык иш-чараларда коомдук коопсуздукту камсыздоо көрсөтмөлөрү так аткарылсын.

Экинчи: Ар бир жетекчи кол алдындагы кызматкердин жана өздүк курамдын тартибине жооп берет.

Үчүнчү: Жол коопсуздугун тыкыр көзөмөлгө алыңыздар. Үй-бүлөлүк зомбулукка, жаш өспүрүмдөр менен байланышкан кылмыштарга, жаш балдардын дайынсыз жоголуусуна, коомдук жайлардагы кылмыштын бардык түрлөрүнө бөгөт коюлсун. Өлкөнүн бүт аймактарында тартип сакталсын.

Төртүнчү: Кылмыштуулукка, экстремизмге, террорчулукка жол бербөө үчүн ыкчам-иликтөө жана алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлсүн. Убактылуу кармоочу жайларды, элчиликтерди, маанилүү жана өтө маанилүү объектилерди кайтаруу күчөтүлсүн.

Бешинчи: Милиция кызматкерине жардам сурап кайрылган ар бир жаранга реалдуу жардам көрсөтүлсүн. Бир дагы жаран милицияга нааразы болбосун.

Урматтуу милиционерлер!

Жасаган кылмышы үчүн жазасыз калбоонун – тарбиялык мааниси чоң. Мен дайыма айтам: Кыргызстанда 1800дөн ашык калктуу пункттарда аймактык тескөөчүлөр же эскиче айтканда участковыйлар – экономиканын өнүктүрүүнүн негизги таянычтары, алардын координациялоочу ролу жана жоопкерчилиги арттырылат. Анткени укук коргоо органдарына болгон ишенич коомдук мамилени түптөйт.

Башкасын айтпасам да, кылмыштын эки түрүндө сиздер бизге жардам беришиңиздер керек. Биринчиси – контрабанда, экинчиси – көмүскө экономика. Булар – мамлекетти артка тарткан экономикалык иш чөйрөсүндөгү чоң кылмыштар жана жоопкерчиликке тартууга жатат. Контрабанда жана көмүскө экономика наркобизнес катышкан кылмыштан эч айырмасы жок. Биз мамлекетте бардык тармакты иретке келтирип баштадык. Сиздер бизге жардам бересиздер деп ишенем.

Урматтуу Кыргыз милициясы – элдин сыймыктары!

Сиздер менен ата-энеңер, үй-бүлөңөр, жакындарыңар өзгөчө сыймыктанат. Аларды милициянын актык, адилеттик үчүн күрөшкөн иши сыймыктандырат. Чындыгында сөздүн түз маанисинде милиция – элдин күчү! Эл ичинде чыкыйып кийинип, таза жана түз жүрүү менен коомду теске салып, калкты тартип бузбоого чакырып, үндөп турасыздар.

Келээрки жылы да талыкпай, өлкөбүз үчүн, анын ичинде ар бир жараныбыздын коопсуздугу үчүн ушундай эле тартипте тынымы жок эмгектенип, көптөгөн ийгиликтерди бирге жараталы.

Коомубуз тынч, журтубуз аман болсо – ал биздин эң чоң жетишкендигибиз.

Дагы бир жолу Жаңы жылыңыздар менен куттуктаймын!”,-деди Акылбек Жапаров.

Бул гарнизондук саптык кароодо өздүк курамдын көңүлү кызматтык милдеттерин абийирдүү аткарууга, коомдук тартипти сактоо, укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча чараларды күчөтүүгө, жарандарга сылык мамиле жасоого, мыйзам бузуулардын алдын алууга, кызматтык тартипти чыңдоого бурулду.

2022-жылдын 29-декабрынан 2023-жылдын 1-январына чейин ички иштер органдарынын жылпы өздүк курамы күчөтүлгөн режиминде кызматын өтөшөт. Гарнизондук саптык кароо Ички иштер министрлигинин бөлүктөрүнүн салтанаттуу маршы менен аяктады.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *