2022-жылдын 27-апрелинде Ысык-Ата районунун ИИБнын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Ивановка айылында телефон кабелин уурдаганга шектүү жаран кармалды. Ал РИИБдин тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.
Аталган факты КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (Уурдоо) негизинде каттоого алынып, сотко чейинки териштирүүлөр башталган. Анын өздүгү такталып, ал жергиликтүү тургун 51-жаштагы М.Д. болуп чыккан.
Ысык-Ата РИИБнин милиция кызматкерлери тарабынан мындан аркы ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө жогоруда аталган жаран Чүй облусунун Ысык-Ата районунун аймагында дагы 4 кабель уурулук фактысына тиешеси бар экендиги аныкталды.
Учурда тергөө иштери уланууда.
Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы