Кызмат учурунда курман болгон Жолдошбек уулу Эркиндин жаркын элесине арналган кичи футбол боюнча таймаш болуп өттү

 

2021-жылдын 14-май күнү кызмат учурунда курман болгон милициянын лейтенанты Жолдошбек уулу Эркиндин жаркын элесине арналган кичи футбол боюнча таймаш болуп өттү. Аталган иш-чара Кара-Блта шаарынын «Манас» спорт комплесинде болуп, ага Чүй облусунун ички иштер органдарынын  шаардык жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн  командалары катышышты.

Спорттук мелдештин ачылышына кызмат учурунда курман болгон Жолдошбек уулу Эркиндин туугандары, ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги Оролбек Акпаров, Чүй ОИИББнын башчысынын орун басары милициянын полковниги Каныбек Абдырахманов,  Жайыл райондук мамлекеттик администрация башчысы,  Жайыл РИИБдин жана башка РИИБдердин кызматкерлери катышышты.

Жалпысынан оюнга 11 команда катышып, өздөрүн мыкты көргөзгөн командалар байгелүү орундарга ээ болушту. Оюндун жыйынтыгы менен 1-орунду Аламүдүн РИИБдин командасы жеңип алса, 2-орунга Сокулук РИИБдин командасы татыктуу болду. 3-орунга Ысык-Ата РИИБдин командасы чыкса, ал эми 4-орунду Чүй РИИБдин командасы  алды. Байгелүү орундарга жетишкен командаларга медалдар, дипломдор жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.  Спорттук беттеште мыкты оюнчу, мыкты чабуулчу, мыкты когоочу жана мыкты дарбазачы наамдары мыкты ойногон кызматкерлерге ыйгарылды.

Эске сала кетсек, милициянын лейтенанты Жолдошбек уулу Эркинбек 2008-жылдын июль айынын башында кызмат учурунда кылмышкерлердин огунан каза тапкан. Анын жаркын элесине арналган футболдук турнир жыл сайын Кара-Балта шаарында өткөрүлуп келет.

 

 

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *