Кеминдеги жайлоодо жылкы союп, этин уурдоого шектүүлөр кармалышты

 

Кемин районунун ички иштер бөлүмүнө арыз менен жергиликтүү 24- жаштагы И.Б. аттуу тургун  кайрылып, ал 2022-жылдын 18-январынан 19-январына караган түнү Кемин районунун Жылтыр жайлоосунда белгисиз адамдар 150 миң сомдук жылкысын союп кетишкенин билдирген.

Аталган факт Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки териштирүү иштери башталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө жогорудагы кылмышка шектүү катары Чүй ОИИББнын  жана Кемин РИИБнин кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан эки жаран кармалышкн. Алар 50-жаштагы Д.Н. жана 51-жаштагы Ж.А. аттуулар буга чейин да ушул сыяктуу кылмыштар боюнча  соттолгону маалым болгон.

Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *