Кемин райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери жайкы туристтик сезондо эс алуу жайларында коомдук тартипти сактоо боюнча зарыл иштерди жүргүзүшүүдө

 

2022-жылдын жайкы туристтик сезонунун башталышы менен Чүй облусунун ички иштер органдары тарабынан облус аймагында коомдук тартипти сактоо боюнча профилактикалык иш-чаралар үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.

Дем алыш күндөрү Кемин РИИБдин Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери Орловка эс алуу борборунун кызматкерлери жана эс алуучулар менен жолугушуп түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, жайкы туристтик сезондун башталышы менен көптөгөн жарандар бул эс алуу борборуна келип жаткандыгына байланыштуу, коомдук тартипти камсыз кылуу максатында туруктуу негизде зарыл иш-чараларды жүргүзгө кызматкерлер дайындалып иш алпарып келишүүдө.

Профилактикалык иш-чаралардын жүрүшүндө Кемин РИИБдин коомдук коопсуздук кызматкерлери тарабынан эс алуучуларга мүлкүнө сак болууга жана жашы жете элек балдарды көзөмөлгө алуу зарылчылыгы тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Милиция кызматкерлери бул эс алуу жайынын кызматкерлеринен техникалык коопсуздук эрежелерин так сактоо чакырып, эс алуучулардын коопсузду үчүн керектүү иштерди алып барууну керектигин белгилешти.

Кемин районунун аймагында жайгашкан бардык эс алуу жайларында Кемин РИИБдин кызматкерлери тарабынан профилактикалык түшүндүрүү иш-чаралары тынымсыз жүргүзүлүүдө.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *