Кемин районундагы карылар үйүнүн директорунун “Милиция кызматкерлери өзүм билемдик кылышууда” деген билдирүүсү боюнча, Чүй облусунун ИИББы төмөндөгүлөрдү маалымдайт.

2018-жылдын 13-декабрь күнү жалпыга маалымдоо каражаттарынын бирине Кемин районундагы карылар үйүндө милиция кызматкерлери өзүм билемдик кылышып, мыйзам бузуулар болууда деген маалымат жарыяланган. Бул окуя боюнча Токмок шаарынын ички иштер бөлүмү тарабынан мыйзам чегинде иш-чаралар жүргүзүлгөндүгү тууралуу билдиребиз. 2018-жылдын 21-июль күнү Токмок шаарынын ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүгүнө жергиликтүү мүрзөлөрдүн биринде эркек кишинин жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Көрсөтүлгөн дарекке Токмок шаарынын ИИБнүн ыкчам тергөө тобу чыгышып, жансыз денени табышып, кароо жүргүзүү учурунда денесинде жаракаттар аныкталып, мурдатан жатып карайып кеткендиктен, анын жаш курагын жана өздүгүн аныктоо мүмкүн болгон эмес. Бул окуя Токмок шаарынын ИИБнө катталып, тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (Киши өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, зарыл болгон экспертизалар дайындалган. Бирок, териштирүүнүн жүрүшүндө каза болгон жарандын эмнеден өлгөнүн аныктоого мүмкүнчүлүк болбой, алдын ала божомолдор боюнча каза болгон жарандын денесиндеги жаракаттар жол транспорт кырсыгынан болушу мүмкүн деген тыянак чыгарылып, жаш курагы болжол менен 40-45 жаш деп белгиленген. Токмок шаарынын ИИБнүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында,  ыкчам маалыматтар топтолуп, аны тактоо максатында Кемин райондук ооруканасынын жана Кемин районундагы карылар үйүндөгү айрым документтерди алып текшерүү үчүн Токмок шаардык сотуна өтүнүч келтирилип, сот тарабынан уруксат берилген. 2018-жылдын 16-ноябрь күнү Токмок шаарынын ИИБнүн кызматкерлери тарабынан кылмыш ишине зарыл болгон документтер алынган. Текшерүүнүн жыйынтыгында карылар үйүндө жашап 2017-жылдын ноябрь айында каза болуп көмүлгөн жаранды эксгумация кылуу боюнча Токмок шаардык сотуна өтүнүч келтирилип, сот тарабынан канааттандырылган. 2018-жылдын ноябрь айында жогорудагы жаран эксгумация кылынып, зарыл болгон экспертизалар дайындалган. Бүгүнкү күнгө экспертизанын жыйынтыктары даяр болбогундугуна байланыштуу, тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Жогорудагы козголгон кылмыштын бетин ачуу максатында ар тараптуу ыкчам иш-чаралар мыйзам чегинде жүргүзүлүүдө.

Чүй ОИИББнын Басма сөз кызматы

 

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *