Кемин районунда жергиликтүү жашоочулар менен жолугушуу өткөрүлүүдө

 

2021-жылдын 13-декабрь күнү Кемин районунун Кызыл-Октябрь айылында эл менен жолугушуу иш-чарасы болуп өттү. Ага РИИБдүн жетекчилиги, райондук мамлекеттик администрациянын өкүлдөрү, жергиликтүү бийликтин кызматкерлери жана аталган айылдын жашоочулары катышышты.

Жолугушуу учурунда жергиликтүү тургандар социалдык жана башка көйгөйлөрүн ортого салышып, аларды чечүү иштери тиешелүү кызматтардын жетекчилигинин көзөмөлүнө алынды.

Кийин Кемин РИИБдүн жетекчилиги жергиликтүү тургундарга милиция кызматкерлери тарабынан аткарылган жумуштар тууралуу баяндама берип, дагы алдыда аткарылуучу иш-чаралар тууралуу айтып өттү. Андан сырткары өспүрүмдөр арасындагы терс көрүнүштөрдөн алыс болуу үчүн ата-энелер тарабынан да катуу көзөмөл болуусу керектигин билдирди. Эл менен болгон жолгушууда Кыргыз Республикасынын Президентинин дыйыкан, фермерлер үчүн жеңилдетилген насялар менен камсыздоо боюнча Жарлыктары жеткирилүүдө.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *