Кемин районунда каракчылыкка шектүү жаран кармалды

Кемин РИИБүнө 1945-жылы туулган К.А. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 2022-жылдын 21-январь күнү болжол менен саат 12:40 чамаларында анын Кемин шаарында жайгашкан үйүнө белгисиз бейтааныш эки киши киришип, арыздануучуга күч колдонушуп, жаздык менен тумчуктуруп, кийин анын  телефонун алышып, окуя болгон жерден белгисиз тарапка из жашырып кетишкенин билдирген.

Бул факты Кемин РИИБү тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренси (Каракчылык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Чүй облусунун ИИББнын жана Кемин РИИБдүн кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ычам издөө иш-чараланын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, шектүүлөрдүн бири кармалган. Ал 1963-жылы туулган А.Ч., убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

 

Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *