Кемин районунда күйөөсүн өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды

2022-жылдын 27-июнунда Кемин РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө үйлөрдүн биринин короосунан эркек кишинин сөөгү табылгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.  Алынган маалыматтын негизинде, ыкчам-тергөө тобу дароо барып, ал жерден  1984-жылы туулган Н.А. аттуу жарандын күч колдонуп өлтүрүлгөн белгилери бар  жансыз денеси  табышкан.

Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (Адам өлтүрүү) негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө бул кылмышка шектелип, 1982-жылы туулган А.С. аттуу аялы кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө, кылмыш  жубайлардын ортосундагы чыр-чатактан улам  аялы күйөөсүн бычак менен сайып алаганы белгилүү болгон.

Учурда бардык керектүү экспертизалар дайындалып, сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *