Кемин районунда милиция кызматкерлери коронавирус инфекциясын жайылышын алдын алууга багытталган профилактикалык иш-чараларды жүргүзүшүүдө

 

Чүй облусунун Кемин районунун милиция кызматкерлери коронавирус илдетинин жайылуусунун алдын алуу максатында жергиликтүү тургундар менен алдын алуу иштерин жүргүзүшүүдө.

Өзгөчө кырдаал учурунда жарандарга үйдө болуу жана себепсиз сыртка чыкпоо ошондой эле чогулуп коомдук жайларда жүрбөө жеткирилүүдө. Кызматкерлер көчөдө жүргөн жарандар менен алдын алуу багытында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүп, көчөлөрдө себепсиз жүргөндөр болсо үйлөрүнө кайтарышууда.

Көңүл ачуучу жайларды, күнүмдүк керектүү буюмдардын тизмесине кирбеген товарларды саткан дүкөндөрдү  жана адамдар көп чогула турган эс алуу жайларынын ишин убактылуу токтотуу талаптарынын сакталышы ИИОнун кызматкерлери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тарабынан текшеришүүдө. Убактылуу чектөөлөрдү бузууга жол бербөө максатында түшүндүрүү иштери улантылууда.

Инфекциянын белгилерин текшерүү үчүн орнотулган фильтрациялык посттордо, Кемин райондук ИИБдүн кызматкерлери жана  ЖКККБнын, өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, медицина кызматкерлери жана ыктыярдуу элдик коошуундар биргеликте, күнү-түнү иш-алып барышууда. Кемин районунда ИИОнун кызматкерлеринен жөө патрулдар уюштурулуп, тиешелүү жумуштарды аткарышууда.

Улгайган адамдарга, көп балалуу үй-бүлөлөгө, кош бойлуу аялдарга азык-түлүктөрдү алуу максатында сыртка чыкпастан, ошол үй-бүлөрдөн бирден гана киши азык-түлүккө жана дары-дармекке чыгуусу зарыл экендиги эскертилүүдө.

Белгилей кетүүчү жагдай, Кемин районунун жашоочуларынын көпчүлүгү убактылуу чектөөнүн зарылдыгын түшүнүшүп, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн, укук коргоо органдарынын жана дарыгерлердин эскертүүлөрүнө түнүшүү менен кабыл алышууда.

 

Чүй облустук ИИББнын басма сөз кызматы

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *