Кемин районунда милиция кызматкерлери тарабынан автомобилди  же  башка  автотранспорт  каражатын  укукка  жат  түрдѳ  ээлеп  алуу      менен жаран кармалды            

                                                                            

2018 жылдын 20 июнь күнү арыз  менен  Кемин РИИБүнө 54 жаштагы  Орловка шаарынын тургуну А.А.,  кайрылган.  Себеби  үстүбүздөгү жылдын 20 июнь күнү  болжол  менен  саат  11:00  чамасында  арыз  ээсинин  “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү автоунаасын  белгисиз  ададамдар  Орловка шаарында жайгашкан бир  дүкѳнүндүн  жанында   токтоп  турган  жеринен  уурдап  кетишкенин  билдирген. Жогорудагы көрсөтүлгөн маалымат боюнча милиция кызматкерлери дароо көрсөтүлгөн автоуна боюнча баттамалар берилип, аймакта план “перехват” жарыяланган. Кемин РИИБнүн кызматкерлери тарабына ыкчам-издөө иш аракетин жүргүзүп бул кылмыштын изи  сууй  электе  болжол менен 2 саат аралыкта уурдалган автоуна Бишкек шаарындагы бир базарларынан табылган. Бул факты боюнча тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 172 беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү катары 30-жаштагы жергиликтүү жаран М.М., кармалып, убактылуу кармоо чу жайга камакка алынган. Уурдалган автоуна кожойуна тапшырылып берилди. Учурда тергөө иш амалдары жүргүзүлүүдө.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *