Кемин районунда милиция эл менен жолугушууларды уюштурушууда

2021-жылдын 27-январь күнү Кемин районунун  Кызыл-Октябрь айыл аймагында милиция кызматкерлеринин эл менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууга Кемин  РИИБдүн башчысынын милдетин аткаруучу милициянын полковниги Талант Мурадилов, анын орун басары жана аймактык тескөөчү, жергиликүү бийлик өкүлдөрү, социалдык өнүктүрүү кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар катышышты.

Кемин РИИБдүн башчысынын милдетин аткаруучу Т.Мурадилов жергиликтүү тургандарга өткөн 2020-жылда РИИБдүн кызматкерлери  тарабынан аткарылган иштери тууралуу маалымат берип, анын ичинде жаш өспүрүмдөр арасында кырсыктарга токтолуп, алардын көпчүлүгү кайдыгерликтен болуп жаткандыгын кошумчалап, ата-энелерди да жоопкерчиликтүү болууга чакырды. Жергиликтүү жашоочулардын көпчүлүгү мал кармагандыктан, айрымдар малчыларды жалдоого аргасыз болушат. Бирок, ошол малчылар тууралуу маалыматтарды билбей туруп, малдарды кайтартып коюу да кооптуу экенин айтышып, аймактык тескөөчү алар тууралуу маалыматтарды билүүсү зарыл экендигин кошумчалашты. Ошону бирге эл арасында эмне көйгөйлөр болсо баарын угуп, суроолор болсо жооп берүүгө даяр экенин билдирди.

Ошол эле жолугушууда таап алган же чоң аталарынан калган ок атуучу куралдар болсо өз ыктыяры менен милицияга тапшырып берүү зарылдыгын эскертишип, ал үчүн эч кандай жоопкерчиликтерге тартылбасы айтылды.

Жолугушууга келген жашоочулар ички иштер органдарына байланыштуу суроолорду беришип, тиешелүү жоопторду алууга мүмкүн болду. Андан сырткары жашоочулар милициянын аймактык тескөөчүсүнүн дарегине жылуу пикирлерин билдиришип, өз жумушуна берилип иштеген кызматкер экендигин кошумчалашты. Бул жолугушууда көтөрүлгөн көйгөйлөрдүн баары РИИБдүн жетекчилигинин көзөмөлүнө алынды.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *