Кемин районунда уурулукка шектелген жаран кармалды

2022-жылдын 7-майында Кемин РИИБине 1989-жылы туулган К.С. арыз менен кайрылган.  Ал өз арызында, 7-май күнү короодогу атын ээр токуму менен жашыруун уурдап кеткен белгисиз адамга чара көрүү өтүнүчү айткан. Бул факт Кемин РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталган.

Кемин РИИБдин кызматкерлери тарабынан көрүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, бул кылмышка шектүү делип 2002-жылы туулган А.Ы. кармалып, милиция бөлүмүнө жеткирилген.

Учурда уурдалган ат ээсине кайтарылып, сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *