Кемин районунда уурулукка шектүү жаран кармалды

2020-жылдын 17-октябрь күнү Кемин районунун ички иштер бөлүмүнө Борбу айылынын 31 жаштагы жашоочусу С.Д. арыз менен кайрылып, Кемин районунун аймагында жайгашкан кирпич чыгаруучу ишканадагы автоунаалардын 5 аккумуляторун белгисиз бирөөлөр уурдап кеткенин билдирген. Келтирилген материалдык чыгым такталууда. Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-бнернеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Жүргүзүлгөн иш-чарлардын натыйжасында Кемин районунун ИИБдүн кызматкерлери тарабынан жогорудагы кылмышка шектелип, Чүй облусунун 30 жаштагы жашоочусу С.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *