Кемин районунда уурулукка шектүү жаран кармалды

2018-жылдын 3-март күнү Кемин районунун ички иштер бөлүмүнө Кара-Булак айылынын 65 жаштагы жашоочусу М.А. арыз менен кайрылып, 2017-жылдын декабрь айынын аягында белгисиз адамдар анын 2 даана газ баллонун, 2 даана кислород баллонун жана 1 даана редукторун уурдап кеткенин билдирген. Бул окуя боюнча Кемин районунун ИИБнүн тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодесинин 164-беренеси (Уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон. Милиция кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-аракеттеринин натыйжасында жогорудагы кылмышка шектүү делип, Кант шаарынын 51 жаштагы жашоочусу А.С. кармалып, Кемин районунун ИИБнүн убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *