Кемин районунун аймагында “Арсенал” аталышындагы профилактикалык иш-чара өткөрүлүүдө

Кемин районунун аймагында ок атуучу курал-жарактарды мыйзамсыз сактоону аныктоо, коомдук тартипти сактоо жана коопсуздукту камсыздоо, ошондой эле кылмыштуулукту алдын алуу максатында үстүбүздөгү жылдын 15-декабрь күнүнөн тарта “Арсенал” аталышындагы профилактикалык рейд иш-чарасы өткөрүлүүдө.

Аталган иш-чарага Кемин РИИБдүн коомдук коопсуздук кызматынан, криминалдык милиция кызматынан жана ЖКККБнын кызматкерлеринен түзүлгөн 30дан ашуун кызматкерлер тартылган.

Рейддин жүрүшүндө 200 үйдө алдын алуу иштери жүргүзүлүп, 155  аңчылык сүйүүчүлөр  текшерилди.  Текшерүү учурунда Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 84- (Атуучу куралды сактоо жана ташуу эрежелерин бузуу), 85- (Атуучу куралды каттоо мөөнөтүн бузуу) беренелеринин негизинде жалпы 19 протокол толтурулган. Андан сырткары 2 курал жарак сактоочу жай текшерилген.

Иш-чара учурунда 2020-жылдын 22-декабрь күнү Кемин районунун 37 жаштагы жашоочусу өз ыктыяры менен жайлоодон таап алган аңчылык куралын милиция кызматкерлерине өткөрүп берген.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *