Кемин РИИБдин кызматкерлери Чүй облусунун аймагында терроризм жана экстремизмдин алдын алуу боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө

 

2022-жылдын 12-майында Кемин райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы, милициянын полковниги Талантбек Мурадидлов Кемин районунун дин ишмерлери менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуулардын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасында тыюу салынган ар кандай агымдар тууралуу сүйлөшүүлөр болуп, алардын пайда болушу жана идеологиясы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Адамдарды социалдык тармактар аркылуу экстремизм жана терроризмге тартуу жолдоруна бөгөт коюу чаралары да кеңири талкууланды.

Өз кезегинде райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы жарандарга туура  маалыматтарды жеткирүү боюнча, бирге иш алып барууну дин ишмерлери менен кеңешти.

 

 

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *