Көчмө кабылдамасы менен Ала-Арча суу сактагычында  алдын алуу жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

2022-жылдын 11-июль күнү Аламүдүн РИИБдин Маевка айылдык милиция бөлүмчөсүнүн жана Аламүдүн РИИБдин Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери ошондой эле Маевка айыл аймагынын социалдык коргоо кызматкерлери менен биргеликте милициянын көчмө кабылдамасы менен Ала-Арча суу сактагычында  алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Кызматкерлер суу сактагычта сууга түшүп жаткан жарандарга, жаш балдарга сууга түшүү учурундагы кырсыктардын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен кооптуу делген жерлерден алыс болууга  чакырышты.

Ошондой эле суу сактагычта жеңил кайыктарды ижарага берип иштеген жарандарга, коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери да  жүргүзүлүп, эгерде кандайдыр бир күтүлбөгөн окуялар  боло турган болсо тезинен куткаруу кызматына жана милиция кызматына кабарлоо боюнча нускамалар да өткөрүлдү.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *