Лебединовка айыл аймагында жолугушуу болуп, өспүрүмдөрдүн маселеси талкуулунды

Лебединовка айыл өкмөтүндө Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери менен жергиликтүү кеңештин депутаттарынын катышуусунда жыйын болуп өттү.

2022-жылдын 27-январында Лебединовка айыл аймагынын имаратында жергиликтүү кеңештин депутаттарынын, Аламүдүн РИИБдүн коомдук коопсуздук кызматынын башчысынын, ошондой эле Лебединов айыл аймагынын аймактык тескөөчүлөрүнүн катышуусунда жыйын болуп өттү. Жыйында жашы жете электер өспүрүмдөр менен иштөөчү мамлекеттик кызматтардын жумуштарын жакшыруу тууралуу сөз болду. Андажаш өспүрүмдор менен иштөө инспекторлору, айыл өкмөтүнүн социалдык кызматкерлери, жалпы билим берүүчү мектептердин администрациялары менен биргеликте балдарга карата зомбулук фактыларын алдын-алуу боюнча маселер талкууланды. Ошондой эле өспүрүмдөр катышкан, тартип бузуулар, кылмыштуулук жана башка терс көрүнүштөрдү болтурбоо боюнча биргеликте иш алып баруу тууралуу сунуштар киргизилип, талкуулар жүрдү.

Жыйындын жүрүшүндө Лебединов айыл аймагындагы коомдук жайларга коомдук коопсуздукту камсыздоо жана кылмыштуулуктарды алдын алуу максатында видео камераларды орнотуу сунушу айтылды.

 

Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *